Menu

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-сентябрда “Учкун” басылмасынын имаратында Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына даярдалган бюллетендерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, Жалал-Абад облусуна – 643 777, Ош облусуна – 682 673, Баткен облусуна – 284 300, Нарын облусуна – 176 203, Ысык-Көл облусуна – 290 766, Талас облусууна – 149 008, Чүй облусуна – 586 669 бюллетень жөнөтүлдү.

Бардыгы болуп 3 523 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 59 28 бюллетень даярдалган.

“Учкун” ААКта бюллетендерди басып чыгаруу процессине туруктуу (күнү-түнү) мониторинг жүргүзүү жумушчу топ тарабынан жүргүзүлүп, анын курамына БШКнын мүчөлөрү, БШКнын аппаратынын маалыматтык-уюштуруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кирди. Коопсуздукту УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери камсыз кылышкан. “Учкун” ААКнын полиграфиялык цехинде шаймандардын комплекти орнотулуп, басылган бюллетендер сыноодон өткөрүлдү.

“Шайлоо бюллетени өтө жогорку деңгээлдеги коопсуздукка ээ, ага ар бир бюллетенди автоматтык түрдө саноочу урна аркылуу таануу үчүн атайын коргоочу боёк колдонулат” – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: