Menu

АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди

Бөлүшүү:

Эллиотт Абрамс

Вашингтон Ирандын бир катар мекемелери менен расмий адамдарына каршы жаңы санкцияларды киргизди. Алардын арасында ирандык балбан Навид Афкарини өлүм жазасына тарткан судья да бар.

Бейшемби күнү АКШнын Иран жана Венесуэла боюнча атайын өкүлү Эллиотт Абрамс Сенаттын тышкы иштер боюнча комитетиндеги угууларда сүйлөп, Тегеранга каршы санкцияларды кеңейтүү тууралуу айткан.

Навид Афкари эки жыл мурда өкмөткө каршы өткөн нааразылык акциялар маалында күч түзүм кызматкерлеринин бири бычак сайып өлтүргөн деген айып менен быйыл сентябрда өлүм жазасына тартылган. Бул иш эл аралык резонанс жаратып, Трамп Тегеранды спортчунун өмүрүн сактап калууга чакырган.

Сенаттагы угуулардын жүрүшүндө айрым демократтар Трамптын Иранга карата жасап жаткан мамилесин сындашты. Алар Тегеран менен 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгуу тууралуу Ак үйдүн чечими туура эмес болгонун билдиришти. Демократ- сенатор Тим Кейн бул макулдашуудан баш тартуу — Түндүк Корея менен ушуга окшогон келишим түзүү аракеттерин оорлото турганын белгиледи.

Вашингтон Тегеран менен кубаттуу алты державанын (АКШ, Франция, Улуу Британия, Кытай, Орусия жана Германия) ортосунда түзүлгөн келишимден 2018-жылы чыгып кеткен. Трамп макулдашуу Иранда өзөктүк куралдын пайда болушун алдын ала албай турганын билдирип, Тегеранга каршы жаңы санкцияларды киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: