Menu

Генпрокуратура шайлоого катышкан депутаттарды жана мамлекеттик кызматкерлерди санап чыкты

Бөлүшүү:

Кызматтык ыйгарым укуктарын токтоткон 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик (муниципалдык) ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Генпрокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, мындай маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына берилген талапкерлердин тизмесин изилдөөнүн натыйжалары боюнча алынган.

Генпрокуратура тарабынан талапкер катары республиканын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин 85 депутаты катталганы аныкталды.

Ошондой эле Башкы прокуратура мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин шайлоого байкоочу, ыйгарым укуктуу өкүл жана саясий партиялардын ишенимдүү адамы катары катышуусуна коюлган чектөөлөрдүн сакталышы боюнча документтерди да изилдеп чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: