Быйыл жазында Бишкектеги “1000 түркүн” дүкөнүнүн алдында 24 жаштагы Ислам Фатхинуров өлтүрүлгөн. Анын үй-бүлөсү кылмышка күбө болгон кызды издеп жатышат.
Маркумдун эжеси Альфия социалдык тармактарга бир тууганын сүрөтүн жарыялап, окуяга күбө болгон кызды издеп жатат.
Анын айтымы боюнча, окуя 19-мартка караган түнү Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон. Ал күнү Ислам менен таанышкан, кийинчерээк Ислам жигиттердин бири менен уруша кетип, натыйжада ал жүрөгүнө бычак жеп, каза болгон.
“Тилекке каршы, милиция күбө кызды таба алышкан жок. Ал эми инимди өлтүргөн бала көрсөтмөсүн өзгөртүп жатат” – дейт Альфия.
Ал окуяга күбө болгон кызды байланышка чыгуусун, адилеттүүлүктүн орношуна жардам көрсөтүүсүн суранат.
Өз кезегинде Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы журналисттерге кылмыш иши сотко өткөрүлгөндүгүн билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ