Баткен облусунда жакынкы күндөрү инфекциялык оорукананын имараты пайдаланууга берилет. Бул тууралуу COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага өзгөртүү иштери аяктады.
Жылытуу, канализация жана суу менен камсыздоо тутумдарын жаңылап, керектүү медициналык жабдыктардын биринчи партиясы келип түштү.
Реанимация бөлүмү тогуз бейтапка ылайыкталган. Ар бир бөлмөдө кычкылтек концентратору орнотулат.
Ооруканада 78 кызматкер иштейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ