Menu

Ысык-Ата районунун тургуну бир тууганын өлтүрдү деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-октябрда саат 00:55 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 102-линиясы аркылуу Ысык-Ата районунун айылдарынын үйлөрүнүн биринде кишинин жансыз денеси  табылгандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул факт боюнча Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу барганда, Ысык-Ата районунун айылдардын биринде үйдүн ичиндеги ашкана бөлмөсүндө бир нече бычактан жаракат алып каза болгон 39 жаштагы И.Э. жансыз денеси табылгандыгы маалым болгон.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине
катталган. Тергөө кызматы тарабынан керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Ысык-Ата районунун ИИБнүн кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп 42 жаштагы И.Э. деген аттуу жаран кармашып, аталган жаран маркумдун бир тууган агасы
болуп чыкканы маалым болгон. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: