Menu

Ош облусунда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитатору шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелип жатат

Бөлүшүү:

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитатору шайлоочулардын добушун 300 миң сомдон ашык акчага сатып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 1-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө эркек киши чалып, саат 18:00 чамасында белгисиз патиянын агитаторлору Кара-Суу районунун жашоочуларына акча таркатып жаткандыгын айткан. Бул билдирүү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын КЖБРне катталган.

Жерине барган ыкчам тергөө тобу 25-сентябрда саат 19:30 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын 56 жаштагы тургунуна “Мекеним Кыргызстан” партиясынын Б. аттуу агитатору 313 миң сом салынган беш конверт бергенин аныкташкан.

Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын укук коргоо кызматкерлери тарабынан протокол түзүлдү. Чогулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин “Добуш сатып алуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: