Борбордук шайлоо комиссиясына Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө добуш сатып алуу боюнча маалымат келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.
Буга чейин жергиликтүү ММКлар Кара-Суу районунда шайлоочулардан добуш сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын, милиция кызматкерлери 313 миң сом салынган конверттерди алып кетишкенин маалымдаган.
«Бул тууралуу маалымат келээри менен БШКнын мүчөлөрү чогулуп, карап чыгышат. Тиешелүү органдардын корутундусунун негизинде (мыйзам бузуулар болгон же болгон эмес), БШК чечим кабыл алат», – деди Шайлдабекова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ