Menu

Шайлоо-2020: Бюллетендердин үчтөн бири кол менен саналып бүттү

Бөлүшүү:

Кыргызстанда бюллетендерди кол менен кайра санап чыгуу уланууда. Дал ошондон кийин шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарылат.

Автоматтык түрдө саноо үкөктөрүнүн алдын-ала маалыматтары боюнча, 7 пайыздык чектен өткөн төрт партия парламентке өтүштү.

Алар:  – Биримдик -24,53%,

-Мекеним Кыргызстан – 23,9%,

– Кыргызстан – 8,74%,

– “Бүтүн Кыргызстан” – 7.09%

БШКнын маалыматы боюнча, саат 12: 30да 622 516 бюллетень (31%) кол менен эсептелген.

Кол менен кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча, “Мекеним Кыргызстан” партиясы 24% менен 1-орунда (149 миң 671 бюллетень), экинчи орунда “Биримдик” партиясы 20% (125 миң 393), үчүнчүдө “Кыргызстан” партиясы – 9% (58 миң 173). “Республика” (46 539) жана “Мекенчил” (45 945) партияларынын ар биринде 7 пайыздан.

Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын добушу 6 пайызды (39 237), “Ата Мекен” 5 пайызды (29 621), Ыйман Нуру 4 пайызды (26,50) түздү.

“Замандаш” (19 миң 90), “Бир Бол” (19 миң 352) жана “Чоң Казат” (20 миң 337) ар бири 3 пайыздан алышты. 2Социал-демократтарда2 2 пайыз (14506) бар.  “Баарына каршы” добушту 11,758 адам берген, 2%.

“Реформа” (8 миң 647) жана “Мекен Ынтымагы” (5 миң 754) ар бири 1 пайыздан алышты. Афганистандагы согуштун ардагерлеринин партиясы (990) жана Ордо (1543) 1 пайызга жетпейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: