Таласта “Ата Мекен” жана “Республика” партияларынын өкүлдөрүнүн митингги өтүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, митинг драма театрдын жанында өтүп жатат. Жалпысынан ал жерге 100гө жакын адам чогулган.
Митингчилер добуш берүү мыйзам бузуулар менен өттү деп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жатышат.
Белгилей кетсек, БШКнын алдын ала маалыматы боюнча парламентке төрт партия өткөн. Талас облусунда эң көп добушту “Мекеним Кыргызстан” алды (21%), андан кийин “Биримдик” (19%) жана “Республика” (19%), ал эми Кыргызстан (12%) алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ