Menu

Фото – Маданият министри Азамат Жаманкулов Ош шаарындагы жана Ноокат районундагы маданий мекемелер жана алардын көйгөйлөрү менен таанышып чыкты

Бөлүшүү:

КР Маданият министри Азамат Жаманкулов Ош шаарындагы Г.Айтиев атындагы балдардын атайын көркөм сүрөт мектеби, Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи, “Сулайман-Тоо” улуттук тархый-археологиялык музей комплексинин “Алымбек Датка” атындагы үч кабат боз үй музейи жана Ноокат районундагы “Сулайман-Тоо” улуттук тархый-археологиялык музей комплексинин филиалы Т.Зулпуев атындагы тарыхый музей менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарындагы Г.Айтиев атындагы балдардын атайын орто көркөм сүрөт мектеби 1980- жылы ачылган. Учурда мектепте 201 окуучу билим алууда. Аталган мектепте жылына орто эсеп менен 15 бүтүрүүчү аяктайт. Такталган маалымат боюнча мектеп курулган күндөн баштап оңдоп –түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Учурда мектеп толук ремонттон өтүүгө муктаж.

Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи академик 2004- жылы Т. Садыковдун демилгеси менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюшулган. Музей живопись, графика, скульптура, көркөм сүрөттөр жана кол эмгектерге бай.

“Алымбек Датка” атындагы үч кабат боз үй музейи Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата жасалган. 2003-жылы “Сулайман-Тоо” улуттук тархый-археологиялык музей комплексинин карамагына өткөрүлүп берилген. Үч кабат боз үйдүн жалпы аянты 175 кв метрди түзөт.

Зулпуев атындагы тарыхый музейи 1980-жылы колдонууга берилген. 2000 ден ашык экспонаты бар. Учурда музейдин имараты талапка жооп бербейт. Аянты Токтомат Зулпуев айыл Өкмөтүнүн карамагында. Музей толук капиталдык ремонттон өтүүгө муктаж.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: