Кечээ, 4-октябрда парламенттик шайлоодо утулуп калган партиялардын митинги Бишкекте уланууда. Ыктыярчылар Ала-Тоо аянтында таштандыларды чогултуп жатышат. Видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Ошондой эле сөз сүйлөгөндөр ишкерлерге кайрылуу жасашканы маалымдалды. Алар митингчилерге тамак уюштуруу боюнча жардам сурап жатышат.
Эскерте кетсек, 11 партиянын – “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш”, “Республика”, “Мекенчил”, “Мекен Ынтымагы”, “Кыргызстан социал-демократтар”, “Реформалар”, “Ордо” жана “Ыйман Нурунун” өкүлдөрү митингге чыгышкан.
Нааразычылык акциясына 5 миңдей адам катышып жатканы маалымдалды.
https://www.facebook.com/goldstarbek/videos/3428397163870364/?extid=0&d=w
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ