Menu

Видео – Аянттагы митингчилерди таркатууда жарылуучу граната жана көздөн жаш агызуучу газ колдонулду

Бөлүшүү:

Коопсуздук кызматкерлери Ала-Тоо аянтындагы жана Ак үйдүн жанындагы митингчилерди кууп таратты. Коопсуздук күчтөрү жарылуучу гранаталарды колдонгон, бирок жооп катары аларга таштар жана бөтөлкөлөр ыргытылды. Митингге чыккандардын айрымдары туш тарапка чачырап кетишти.

Андан кийин коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ колдонушту. Жакынкы имараттардын терезелери сынган. 

Таштарды митингчилер гана эмес, укук коргоо кызматкерлери да колдонушту. Аянтка ОМОН да тартылган. Нааразычылык акциясына чыккандарды сүрүп чыгаруу үчүн суу чачылып, асманга ок атылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: