Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматтан кетүү ниетинде болгон, бирок БШКнын мүчөлөрү андан баш тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.
«БШКнын төрайымынын отуруму бар. Шайлдабекова кызматтан кетүү ниетин билдирди. Бирок БШКнын мүчөлөрү колдогон жок. Ал саясий жоопкерчиликти өзүнө тарта тургандыгын айтты», – деди Осмоналиев.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп, анын жыйынтыгында 4 партия Жогорку Кеңешке шайланды. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушуп, эл митингге чыгышты. 12 партия шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, жаңыларын дайындоого чакырды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үй менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин басып алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ