Menu

Заманбап кыргыз илимий-билимдеринин өнүгүү тарыхы

Бөлүшүү:

Адамзат байыркы мезгилден тар-тып эле бардык нерселер эмнеден, жашоо кантип пайда болгондугу, өлүмдү кантип түшүндүрүүгө болот ж.б.у.с. маселелердин тегерегинде ой жүгүртүп келгендиги баарыбыз-га маалым. Ушул ж.б.у.с. суроолорго жоопту алар күнүмдүк жашоо-тур-муштан издеп келишкен. Кыргаздар башка дүйнө элдери сьшктуу эле та-бияттын мыйзам ченемдүүлүктөрү, асман телолору, дүйнөнүн башаты туурасындагы өзулөрүнүн билим-дерине ээ болушкан. Күнүмдүк таж-рыйба аларды адамдар менен жа-ныбарлардын ар кандай ооруларын дарылоого үйрөткөн. Бул биливдер муундан-муунга берилип, кылымдар бою «ысымы жок окумуштуулар», башкача айтканда эл тарыбынан топтолуп келген. Ал топтолгон таж-рыйбалык билимдер кыргыз этно-сунун бардык тарыхында заманбап илимий билимдердин пайдубалы бо-луп кызмат кылып келүүдө. Албетте, эгемендүү Кыргызстандьш заманбап илиминин деңгээли советгик доор-дун социалдык-экономикалыкжана саясий процесстери менен түздөн-түз байланыштуу. Аталган доордун өзү кыргыз илимин азыркы кезде-ги жогорку бийиктигине жетки-рип, окумуштуулардын плеядасын чыгарды.

Бул жерде илимдин эмпирикалык билимдерден айырмасы эмнеде деген суроо туулат. Албетте, биздин заманга чейинки экинчи миң жыл-дыкта Саймалуу-Таш аскаларында-гы жана башка жерлердеги сүрөт-төрдү калтырышкан Кыргызстандын байыркы жашоочулары бул туура-сында ой жүгүртүшкөн эмес. Алар тарткан жаныбарлардын сүрөтгөрү руханий абалды, биздин аймактын байыркы жашоочуларынын курчап турган дүйнөнү баяндоосун жана ишенимин чагылдыруу аракети туурасындагы биринчи маалыматтары-нан болгондугун айта кетүү абзел.

Кыргызстандын элинин илимий билимдеринин өнүгүүсүнүн бир этабы мусулмандык чыгыш менен бай-ланышкан. Тогузунчу кылымдарда эле Кыргызстандын шаарларында биринчи мечиттер пайда болгон. Исламдын Караханид каганатынын мамлекеттик идеологиясы катары жарыяланышы менен 960-жы-лы азыркы Кыргызстандын аймагы илимде «мусулмандык ренессанс» деп шарттуу аталган өзгөчө дүйнө-гө толугу менен киргендиги белги-лүү. Ага Борбордук Азия элдеринин өкүлдөрү өзгөчө салымдарын ко-шушкан. Алардын катарына: ойчул Ал-Фарабини, математик ал-Хорезм-ди, медик Ибн Синаны, математик жана астроном ал-Берунини ж.б.у.с. кошсок болот. Ал эми кыргызстан-дыктардын ичинде, азыркы Токмок шаарына жакын, Баласагын шаары-нан чыккан акын-дидактик, ойчул Ж.Баласагын, Ысык-КөлдүкМахмуд-Кашгари Караханиддик мезгилдеги Кыргызстандын илимий ойломунун чолпон жылдыздарынан болушкан.

ХК кылымдын аягы XX кылымдын башындагы кыргыз ойчулдарынын чагырмалары көрсөткөндөй, көчмөн элдин дүйнө, ыйман, парз, адеп-ах-лак менен байланышкан философия-лык түшүнүктөрү легендарлуу акын-дар, заманчыл акындар, акын-де-мократтар деп аталган багыт менен тыгыз байланышкан. Асан Кайгы, Толубай сынчы, Санчы сынчы өңдүү ойчулдар кыргыз элинин оозеки чы-гармачьшыгында арбын кездешкен каармандар болуп санальппат. Бирок алар тууралуу так тарыхый, илимий маалыматтар жок. Ошол себептен, аларда «легендарлуу ойчулдар» деп

аталышып, чын эле болгон-болбо-гондугун биз билбейбиз.

Легендарлуу ойчулдардын коз ка-раштары тууралуу кеп кылууда чы-гыш менен батыштын философия-лык маданиятындагы олупуу айыр-мачылыктарга токтоло кетүү керек. Материалдык баалуулуктар менен жеке керт баштын кызыкчылыкта-рына негизделген батыштагы диний дүйнө көрүмдө Кудай адамды өзүнө түспөлдөпггүрүп жана окшоштуруп, башка макулуктарга кошпой, өзгөчө күнү артыкча бир керемет жандык катары жараткан; адам жараты-лыштын өкүмдары, анын кожоюну; Кудай падышадан (адамдан) мурда тактысын (табиятты) «жок нерсе-ден» оз эрки боюнча жана күчтүү кудуретинин негизинде өз өкүмда-рына (адамга) кызмат кылышы үчүн жасаган деп айтылат. Жаратылыш баш ийдирүүнүн, таанымдын объ-ектиси (Аристотель, И.Кант, Л.Фе-йербах) же субъектгин (адамдын) ар кандай керектөөлөрүн канатгандыр-ган, анын өз күчү менен билимдерин такшалтуучуоноркана (мастерская) (Ф.Бэкон, Г.Р.Держвавин) катары ту-шүндүрүлүп, кабыл алынып келген.

Борбордук азиялык элдердин коп кьшымдыкжамаатгыктажрыйбасьш сактоонун бирден-бир маанилүүка-налдарынан болуп элдик оозеки чы-гармачылык саналып, анын туу чо-кусу катары улутгук эпостор эсептел-ген. Кыргыз эли өзүнүн билимдерин эпикалык баяндарда жакшы корсете алышкан. «Манас» эпосу кыргыз элинин дүйнөлүк казынага кошкон олуттуу салымы болуп эсептелет. Орто кылымдарда эле биздин ата-бабаларыбыз эпостун тигил же бул бөлүмдөрүн жазмалыкта белгилөөгө аракет жасашкан.

XVII-XVIII кк. Бобрордук Азиянын чыгыш региондорунун элдеринин коомдук-саясий жана маданий жа-шоо-турмушу жергиликтүү түрк элдери менен Жунгар хандыгынын ортосундагы согуш менен эле эмес, түрк-монгол-иран этносторунун маданий симбиоздору менен да кош-толгон. «Ак-таглык» жана «кара таг-лык» аттуу суфийлик ордендердин ортосундагы чыр-чатактардын чор-донунда калган Чыгыш Түркстандын саясий жашоосуна активдүү кирген кыргыздардын тобу болгондугун ай-тып кетсек болот. Теңир-Тоо жана Чыгыш Түркстандагы саясий таасир үчүн бири-бирине карты күрөш-көнү менен, бир эле мусулмандык агартуучулуктун жолун жолдошуп, жалпы түрк «чагатай» жазма тилин колдонушкан. XVII-XVIII кк. Чыгыш Түркстандын кыргыз бектери Ферга-надагы бектер сьикгуу эле сабатгуу болушкан жана алардын буйрукта-ры менен мечиттерди (башталгыч мектептерди) жана медреселерди курушкан. Аталган салттар кийин-черээк Кокон хандыгында кызмат кылышкан кыргыз бектери аркылуу улантылган. XVII к. башынан XVIII к. ортосуна чейин Борбордук Азиянын элдери ойротгорго жана Жунгар хандыгына карты куткаруучулук күрөпггү жүргүзүшкөн. Кыргыздар менен калмактардын этномаданий

байланыпггары туурасында да айта кетүү абзел. Теңир-Тоо менен Саян- а Алтайдын кыргыздарынын бир бо- -лүгү калмактардын артынан эле ламаисттерден болушкан. Ойропук -кат менен жазылган сибирдик кыр- i гыз улустардын башкаруучулары-нын дипломатиялык документтери • да бизге маалым. Ойроттук мада- * ний өңүттө калган бул кыргыздар -ойроттук окумуштуу-ойчул жана монгол жазмасынын реформатору Зая-Пандитгин чыгармачылыгы менен тааныш болушкан. Ал ламаист болуп (будцизмдин тибеттик-мон-голдук бутагы) тибет жана санскрит тилдерин жакшы билген. «Манас» эпосунун бир версиясындабуддисттер калмактар тараптан келген билимдүү даанышмат баатыр баатыр Ал-мамбетгин жалпыланган персонажы да кездешет.

XVIII кылымдын экинчи жарымы- -нан баштап кыргыз ээликгери жана Борбордук Азиянын башка мамле-кеггери циндик-мачжуриялык Кы- г тай менен болгон түздөн-түз кагы-лышууларга барьппкан, алардын ас-керлери Чыгыш Түркстанга Жунгар хандыгын басып алуусунан жана көптөгөн ойротгорду кырып жого-туусунан кийин каптап келишкен.

XVIII кылымдын соңундаТеңир-Тоо-нун кыргыздарды Россия империя- ■ сы менен алгачкы жолу түздөн-түз дипломатиялык байланыштарга ба-рышкан. Элчиликмиссияларгабек- I тер, бийлер жана манаптар эле эмес, I жогорку билимдүү уруулаштары да барышкан. Алсак, түндүк-кыргыз урууларынын (сарбагыш, саяк, бугу) кызыкчылыктарын коргогон Черик- £ чи элчиси 1758-жылы Пекинде сүй- к лөшүүлөрдү жүргүзгөн. 1786-жылы г сарбагыш уруусунан чаккан Атаке бийден барган элчилер Абдракман КучакуулужанаШергазы Россиянын императридасы Екатерина II менен жолугушуп, ага Атаке бийдин катын тапшырьппкан. Тилекке карты, бир-ден-бир сабатгуу элчилерден болгон F Абдракман Кучак уулу туулган жери- i не жетпестен Омскиде каза болгон. 1

Ушул жана башка кыргыздардын, Борбордук Азия элдеринин элчилери саясий тең укуктуу, соода-экономи- 1 калык пайдалуу, андан тышкары ар кыл мамлекеттер менен цивилиза- ‘ циялардьш ортосундагы түбөлүктүү маданий көпүрөнү орнотуу үчүн зор салымдарын кошушкан. Кокон хан-дыгынын доорунда кыргыздардын жана башка региондун, өзгөчө Фергана өрөөнүндөгү элдеринин билим-дүүлүгүнүн өсүүсү байкалган. Алар-дыничинде мамлекетгикишмерлер, аскер башчылары жана молдолор болушкан. Ошондой бирден-бир эл-дик лидерлерден жана агартуучулар-дан болуп, бостон уруусунан чыккан Исхак Асан уулу эсептелет, ал пады-шалык Кокон хандыгьша карты кө-төрүлүштүн жол башчысы катары «Пулат-хан» деген аткаконгон. Ошо-ну менен бирге билимдүү аялдар да болгон, мисалы Кудаяр-хандын эне-си Жаркын айым, аньш энеси жагы-нан эжеси Зияда датка жана Алай ханышасы атка конгон белгилүү Курманжан датканы айтсак болот. Курманжан датканын күйөөсүАлым-бек датка сыяктуу мамлекетгак иш-мерлердин жардачы аркасьшда, Ош шаарында жана Фергананын башка | жерлеринде медреселер курулган.

, Эл арасында кыргыз жазуусуна ыц-| гайлашкан араб графикасы кеңири 1 тараган. Белгилей кетүүчү нерсе, 1 оозеки эпикалык поэзия элдин өз-

– дүкбилимберүусүнункубаггуукара-. жаты катары сакталып калган. «Ма-

– нас» эпосунун улуу аткаруучулары I- Келдибек Барыбоз уулу, Бекмурат з (Балыкооз) Кумар уулу, Тыныбек

– Жапай уулу, Чоюке Омур уулу жана

– Сагымбай Орозбак уулу эл арасында эпостун мазмунун теревдетүүгө жа-

$ на жайылтууга баалуу салымдарын :з кошушкан.

г) Ошол эле мезгилдерде кыргыз с- элинин Калыгул Бай уулу, Арстан-I- бек Буйлаш уулу, Молдо Кылыч Ша-л мыркан уулу, Жеңижок, Молдо Нияз, се Токтогул Сатылган уулу, Байымбет я Абдырахман уулу (Тоголок Молдо) н сьиктуу улуу акындары жашап, эл-:н ди билим алууга үндөшкөн. Ал эле н эмес, Россия империясынын жо-)- горку жана атайын окуу жайларын-н да окушкан кыргыз жаштарынын л- башка өкүлдөрү да болушкан. Бирок i. алардын коомдун жогорку катмары-

н, на болгон тийиштүүлүгү Советтик >и бийлик мезгилиндеги аларга кар-и- шы куугунтуктоолордун себеби бо-1р луп калган. Алардын кээ бирөөлөрү

Еграждандык согуш мезгилинде өлтү-рүлгөн болсо, кээ бирөөлөрү болсо сталиндик режим менен репрессия-ланган. Европалык окумуштуулар-дьш -саякатчьшардын Кыргызстанга келүүсү жана европалыктар тарабы-нан комплекстүү илимий изилдөө-сүнүн башталышы XIX кылымдын экинчи жарымы менен байланыш-кан. Аталган илимий-изилдөөчү «кербен» ошол мезгилдеги дүйнө-лүк илимдин борборун аныктоочу болуп калган Европа менен түбөлүк-түү көчмөнчүлүкгүн өжөсү болуп се-зилген Кыргызстандын ортосундагы :?:аңы көпүрөнү түздү десек болот.

Кыргызстандагы европалык таа-нымдын биринчи өкүлдөрү болуп россиялыктар эсептелген. Кыргызстандын географиясын, жаныбар-лар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн ж.б-.у.с. ачкан Россиянын алгачкы оку-муштууларынын бири катары Ч.Ва-лихановдун ысымын атап кетсек болот. Кыргыздардын тарыхынын, этнографиясынын, фольклорунун жана маданиятынын ар кыл аспек-тилерин, андан тышкары табият байлыктарын, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн изилдешкен россиялык окумуштуулардьш ролун жана кошкон салымдарын изилдөө-гө арналган кыргыз окумуштуула-рынын бир катар монографиялары жарык көрүп, диссертациялык иш-тери корголгон. Жогоруда аталган маселелерди кылдат изилдеп чыккан россиялык окумуштуулардын ката-рына Н.А.Аристовду, И.В.Мушке-товду, Я.Н.Краевскийди, Н. А. Север-цевди, АЛ.Федченкону, сүрөтчүлөр П.М.Кошаровду, В.В.Верещагинди, Н.Г Лгудоени ж.б.у.с. кошсок болот.

Кыргыздардын тарыхын, мада-ниятын жана Кыргызстанды изилдешкен батыш окумуштуулары-нын ичинен немис окумуштуулары В.В.Шоттанын, М.Фридрихсендин, М.Мерцбахердин, француз Г.Ка-пюнун, америкалык В.Дэвистин, Э.Хантингтондун, венгер  Арминия (Германдын) Вамбердинин, ж.б.у.с. башка өлкөлөрдүн окумуштуу-изил-дөөчүлөрүнүн ысымдарын айта ке-түүабзея. 1917-жылдын февралдык жана октябрдык революциям че-йинки жана андан кийинки социал-дык-саясий доо кетүүлөрдүн, кайра өзгөрүүлөрдүн, советтик мезгилдеги маданий-илимий жетишкендиктер мезгили Россия менен Кыргызстан-дьш, андан да кеңири – Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы көпүрөнү орнотуу мезгили болгон.

Соңунда айтаарыбыз, XIX кхоцу жана XX к. башындагы россиялык жана европалык окумуштуулардын илимий изденүүлөрү Кыргызстан-дагы заманбап илимий маселелерди ар тараптуу академиялык изилдөө-лөр үчүн кадрдык-интеллектуалдык жана материалдык-техникалык база түзүлө баштаган доордун башталы-шы катары кароого болот. Демек, бүгүнкү кыргыз илими дүйнөлүк, анын ичинде россиялык илимдин жетишкендиктерине таянат. Бардьж жергиликтүү эмпирикалык билим-дер, илимий жетишкендиктер ж.б. кыргыздар жана башка борбордук азиялык элдер илимий билимдер менен агартуучулуктун көп кылым-дык салттардын жеке кенчине ээ болушкандыгынан маалымат берип турат. Байыркы мезгилден азыркы күнгө чейин жеткен ошол кенчти сакгап, андан ары улантуу кийинки муундардын иши жана милдети деп айтсак болот.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: