Menu

Армения Тоолуу Карабакта түн салыштырмалуу тынч өткөнүн билдирди

Бөлүшүү:

Армениянын Коргоо министрлиги 6-октябрга караган түнү Тоолуу Карабакта абал салыштырмалуу тынч болгонун билдирди.

Армения Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян “Фейсбуктагы” баракчасына: “Дүйнө коомчулугу согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу көптөгөн чакырыктарды жасагандан кийин түндө чек арада абал салыштырмалуу тынч болду. Мындан аркы экскалация үчүн жоопкерчилик толугу менен Азербайжандын аскердик-саясий жетекчилигинде болот”, – деп жазды.

Азербайжан бийлиги өз кезегинде 27-сентябрдан бери өлгөндөрдүн жалпы саны 27ге жеткенин маалымдады. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы: “6-октябрга карата 25 карапайым адам өлдү, 141 киши жаракат алды”, – деп белгиледи. Баку армян күчтөрү оор артиллерия менен Азербайжандын калк жыш отурукташкан аймактарын аткылаганын айтууда. Ушул тапта 370 турак жай жана 60тан ашуун жарандык объект толугу менен жараксыз болуп калды.

Тирешкен тараптар бири-бирин жай тургундарды, эл жашаган конуштарды бутага алганы үчүн күнөөлөп жатат. Түштүк Кавказда Карабак үчүн кармаш 27-сентябрда башталган.

Жикчил Тоолуу Карабак аймагынын бийлиги 4-октябрда борбор калаасы Степанакерт, анын жанындагы Шуши шаары үч күндөн бери ракетадан жана артиллериядан аткыланып жатканын, анда жай тургундардын өмүрү кыйылып, жарадарлар да бар экенин жана бир топ имарат кыйраганын билдирген.

Азербайжандын Коргоо министрлиги армян күчтөрүн «өлкөнүн экинчи ири шаары – Ганжаны ракета жана артиллерия менен бутага алып, чабуул коюп жатат» деп айыптады.

Согуш башталгандан бери 200дөн ашык адам мерт болду. Окко учкандар мындан дагы көп болушу мүмкүн, анткени Баку канча аскерин жоготкону тууралуу расмий маалымат бербей жатат.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. Куралдуу кагылышта 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: