Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болбой калышы мүмкүн. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Анын айтымы боюнча, саат 16:00дө боло турган жыйынга 10 чакты гана депутат келген.
“Жыйын өтпөй калышы ыктымал. Жыйынга келген депутаттар башка депутаттарды кезексиз жыйынга келүүгө чакырышууда” – дейт ал
Белгилей кетсек, кворум болуш үчүн 61 депутат катышуусу керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ