Парламенттин жыйыны “Достук” мейманканасында өтүп жатат. Имараттын жанында 1500дөн ашуун адам чогулган.
Имараттын жанында парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. Сыртта митингчилер мейманкананын терезелерине бир нече жолу таш ыргытышкан.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровду колдогон Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары мейманканада кезексиз сессия өткөрүп жатышат. Бирок кворум чогултулган жок. Эл депутаттарынын дагы бир тобу “Кино” үйүндө отурушат – алар Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп дайындалышына каршы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ