Menu

Ошто Калмамат Анапияев менен Төрөбай Келдибаев губернаторлук кызмат үчүн мушташып кете жаздады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-октябрда Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында Калмамат Анапияев менен Төрөбай Келдибаев губернаторлук кызматты талашып мушташып кете жаздады.

Кримавторитет Алмамбет Анапияевдин бир тууганы Калмамат жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, ал Ош облусунун убактылуу координатору болгонун айткан. Ошол эле учурда Төрөбай Келдибаев (алдын-ала маалыматтар боюнча, “Мекенчил” партиясынын тарапкери) кабинетке кирип, ал Анапияевдин отурганына таң калып, Келдибаев Ош облусу боюнча убактылуу координатор болгондуктан, аны иш бөлмөдөн чыгып кетүүнү талап кылган.

Натыйжада, эки тараптын ортосунда жаңжал чыгып, жакалашып, мушташып кете жазашты.

Милиция кызматкерлери облустук администрациянын имаратынан эки тарапты тең чыгарууга аракет кылышкан, бирок натыйжалуу болгон жок. Ошол эле учурда, журналисттер сыртка чыгарылды.

Белгилей кетсек, 5-октябрда Бишкекте Ала-Тоо аянтына 2 миңге жакын адам – ​ парламентке кирбей калган партиялардын тарапкерлери чогулушту. Алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышты. Ал күнү кечинде митингди таркатуу аракети көрүлгөндө, митингчилер коопсуздук күчтөрү менен кагылышты. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдүн имаратын басып алышты.

Андан кийин алар УКМКнын имаратына барып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камактан бошотушкан. Ошондой эле, Садыр Жапаров, Сапар Исаковдор ж.б. да бошотулган. 6-октябрь эрте менен демонстранттар өкмөт үйүн басып алышканы белгилүү болду. Митингчилер ошондой эле Кыргызстандын экс-премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевди да колониядан бошотушту.

КР Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүн Бишкек шаарынын коменданты жана ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу деп атады. Мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгону айтылып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бирок, кийинчерээк генпрокурордун милдетин аткаруучу болуп Сыймык Жапыкеев тандалган. Кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Бийлик алмашуу республика боюнча жүрүп жатат.

Митингдеги кагылышууларда 686 адам жаракат алып, 19 жаштагы жаш жигит каза болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: