Бишкектеги саламаттыкты сактоо уюмдарында башаламандыктан жаракат алган 768 адам жатат. Бул тууралуу журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 550 бейтап амбулатордук дарыланууга жиберилген, 218 адам ооруканага жаткырылган, алардын жетөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. 2001-жылы туулган бир адам каза тапкан.
Белгилей кетсек, 5-октябрда күндүз ЖКнын депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, эл Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, шайлоону тааныбай тургандарын, аны жокко чыгарып, кайра таза шайлоо уюштурууну талап кылышты. Кечинде митингчилер менен күч кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш агызуучу газ, суу, кулакты тундуруучу каражаттар колдонуп митингчилерди аянттан сүрүп чыгаруу аракети болду. Бирок, буга карабастан митингчилер Ак үйдү басып алып, 7-кабатка чейин кирип барышты. Башаламандыктан жабыркаган адамдар ооруканага жеткирилишти. Жаракат алгандардын арасында Жанар Акаев, Тилек Токтагазиев дагы бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ