Бүгүн, 7-октябрда президенттик аппараттын экс-башчысы Фарид Ниязов “Медиа Форум” имаратынын жанына чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, кызмат орундарын бөлүштүргөн адамдар пайда болгонун белгиледи.
Ниязов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал негизги милдет – өлкөнүн биримдигин сактоо, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо экенин айтып, чогулгандарды аянтка барууга үндөдү.
“Бул революцияны жаштар жасады. Ошондуктан, аянтка барып, “акмактарга”жок деп айтууга милдеттүүбүз”, – деди ал.
Анын сөздөрүнөн кийин тарапташтар аянтка жөнөштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ