Menu

Саясий бирикмелердин мүчөлөрү БШКдан “Кыргызстан” партиясынын жагдайы боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына Жогорку Кеңешке ат салышкан бир нече партиялардын өкүлдөрү чогулду.

Саясий бирикмелердин мүчөлөрү БШКдан “Кыргызстан” партиясынын жагдайы боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылышты, айрыкча, документтер эмне үчүн кечигип кабыл алынганына кызыкты.

Мындан тышкары, БШКда видеокамераларды карап чыгышты. Кадрларда, “Кыргызстан” партиясынын өкүлү саат 18.01де Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына кирген.

БШКнын өкүлү сервердеги саат 13 мүнөттө тезирээк жүрөт деп түшүндүрдү, ошондуктан “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү кечигип калган жок.

БШКнын башчысы каттоо журналын көрсөттү, анда партиянын штабынын өкүлү саат 17.59да келген.

Узакка созулган талаштардан кийин партия мүчөлөрү жана БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова документтерди жана партиянын талапкерлеринин тизмесин текшерүү үчүн жумушчу топ түзүүгө макул болду.

Партиянын өкүлдөрү видео жазууну жана документтерди каттоо журналын талап кылышты.

Белгилей кетсек, 24-августта саат 18:20да БШКнын басма сөз кызматы 17 партиянын тизмесин тапшырганын жарыялаган. Алардын ичинде “Кыргызстан” партиясы да бар экени айтылган.

Көп өтпөй соцтармактарда “Кыргызстан” партиясы белгиленген убакыттан кечигип калды деген сөздөр болуп, талкууга түшкөн.

БШК талапкерлердин тизмесин каттоого документтерди кабыл алуу ишин кечээ, саат 18.00дө аяктады. 10 күндүн ичинде берилген маалыматтар текшерилет жана 4-сентябрга чейин депутаттыкка талапкерлердин тизмеси катталат.

Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: