“Кыргызстанда сатылып жаткан дары-дармектердин баалары жума сайын өсүп жатат. Муну ким көзөмөлдөйт?” – деди депутат Иса Өмүркулов бүгүн, 12-март Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында.
Депутат коронавирус илдети жайылып, коомчулук коркунучта болуп турган кезде, дары-дармектерди жеткирген компаниялар учурдан пайдаланып, бааларын көтөрүп, байып жатканын айтты.
“Муну катуу көзөмөлгө алыш керек. Себеби, дары-дармектин баалары ар бир дарыканада ар кандай. Анын көбү мөөнөтүнөн өтүп да кетиши мүмкүн. Аны ким контролдойт? Жалпысынан, учурдагы дары-дармектердин баасы пенсионерлердин пенсиясына жана мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысына салыштырмалуу өтө эле кымбат” – деди депутат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ