Маалым болгондой, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү жаатында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Бортниковдун айтымында, өнөктөштүк келишимдеринин жана эл аралык келишимдердин алкагында атайын кызматтардын ортосунда биргелешкен иштер улантылат.
ФСБнын директору өлкөдөгү стабилдүүлүктүн болушун каалады жана КРнын коопсуздук жана укук коргоо органдары кырдаалды жана коомдук тартипти жөнгө салат деген ишенимин билдирди.
Суваналиев Бортниковго орус тарап көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, 4-октябрь, жекшемби күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бул күнү өлкө боюнча шайлоо участкаларында көптөгөн мыйзам бузуулар катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” көпчүлүк добушка ээ болушкан. Бул аз добуш алган партиялардын нааразычылыгын жаратты.
5-октябрда Бишкекте Ала-Тоо аянтына парламентке кирбей калган партиялардын миңдеген тарапкерлери чогулушту. Алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышты. Ал күнү кечинде митингди таркатуу аракети көрүлгөндө, митингчилер коопсуздук күчтөрү менен кагылышты. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдүн имаратын басып алышты.
Андан кийин алар УКМКнын имаратына барып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камактан бошотушкан. Ошондой эле, Садыр Жапаров, Сапар Исаковдор ж.б. да бошотулган. 6-октябрь эрте менен демонстранттар өкмөт үйүн басып алышканы белгилүү болду. Митингчилер ошондой эле Кыргызстандын экс-премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевди да колониядан бошотушту.
КР Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүн Бишкек шаарынын коменданты жана ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу деп атады. Мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгону айтылып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бирок, кийинчерээк генпрокурордун милдетин аткаруучу болуп Сыймык Жапыкеев тандалган. Кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Бийлик алмашуу республика боюнча жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ