Menu

Сурамжылоо: Тажикстандын жарандары Орусияга айласыздан иштөөгө барышат

Бөлүшүү:

Архив сүрөт

Тажикстандын жарандары Орусияга айласыздан, мекенинде жумуш таба албагандыктан барышат. Бул тууралуу Миграция боюнча эл аралык уюмдун сурамжылоосунда айтылат.

Сурамжылоо Жапония өкмөтүнүн каржылоосу менен быйыл июль-август айларында жумуш издеп жүргөн жарандардын, анын ичинде аялдардын арасында жүргүзүлгөн. Уюмдун өкүлдөрү коронавирус пандемиясына байланыштуу сурамжылоого көп киши катышпаганын билдиришти.

«Коронавирустан улам сурамжылоо Душанбе шаарынын, республикалык маанидеги райондордо жана Хатлон облусунда жеке жолугушууларда жана телефон аркылуу жүргүзүлдү. Алардын жарымынан көбү аз айлык болсо да мекенинде иштөөгө даяр экенин, анткени Орусияда бир катар көйгөйлөргө кабылып, укуктарыбыз бузула турганын айтышты. Мындан тышкары пандемия шартында Орусияда жумуш табуу оор болуп калганын билдиришти», — деди уюмдун өкүлү Малика Ёрбобоева.

Ал сурамжылоого катышкан жаштардын көбү пандемия шартында мекенинде жумуш таба албай, аргасыз Орусияга иш издеп кетүүгө аргасыз болуп жатышканын кошумчалады.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда Тажикстандын 1 миллиондон ашык жараны жашап, иштеп жүрөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: