Menu

Даниэл Кадырбеков, саясат таанучу: “Мелис Мырзакматовдун бүгүнкү сөзүн уктум, саясаттагы азыркы маскарапоздорго караганда терең ой жүгүрткөн жана акыл-эстүү саясатчы экен”

Бөлүшүү:

“Мелис Мырзакматовдун бүгүн Ошто сүйлөгөн сөзүм тыңдап уктум, акыркы жылдардын жана биздин саясаттагы маскарапоздордун фонунда Мелис  терең ой жүгүрткөн жана акыл-эстүү саясатчы катары сүйлөдү. Акылга сыярлык жана алысты чапчыган сөздөрдү айтты”, – деп билдирди бүгүн, 7-октябрда саясый илимдердин доктору, Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү  Даниэл Кадырбеков өзүнүн Твиттердеги баракчасында.

“Бардык нерселерди бири-бирине салыштыруудан улам билсе болот. Билбейм мага ушундай сезилип жатат. Жакшысы өзүңөр угуп көргүлө: https://www.youtube.com/watch?v=TW5RfT5Qexw&feature=youtu.be

Чындыгында Мелис Мырзакматов туура нерселерди айтып жатат. Чет өлкөдөгү турмуш ага жакшы таасир бериптир”, – деп жазган саясат таанучу Кадырбеков.

“Чынын айтсам мен Мелис Мырзакматовду мурун аябай жек көрчүмүн. Бирок ал учурунда кетип калып мамлекеттүүлүктү чыңдоо  үчүн туура  кадам жасаган экен “, – деп кошумчалаган Твиттердеги бир комментарийинде саясый илимдердин доктору Даниэл Кадырбеков.

 

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: