Бишкектеги Улуттук “Кабар” маалымат агенттигин белгисиз жарандар басып алууга аракет кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда агенттиктин кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка караганда, 15 адам редакцияга келип, “Кабар” агенттигинин жетекчисинин иш бөлмөсүнө кирип барып, кызмат орундарын бошотууну талап кылышкан. Бирок, ошол учурда чакырылган элдик кошуун келип калып, бардыгы сүйлөшүү столуна отурушкан.
Натыйжада келген адамдар артка кетүүнү чечишкен.
Учурда “Кабар” штаттык режимде иштеп жатканы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ