500 авиация кызматкерлери өлкөдөгү акыркы окуялардан улам мыйзамдуулукту жана тартипти коргоого чыгышкан. Бул тууралуу Эл аралык “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
“Негизги милдет – учактардын жана жүргүнчүлөрдүн учууларынын коопсуздугун камсыз кылуу”, – деп билдиришти компаниядан.
Басма сөз кызматы ошондой эле аэропорт штаттык режимде иштеп жаткандыгын белгиледи. “Манас” жана “Ош” аэропортторундагы бардык эл аралык жана ички каттамдар графикке ылайык аткарылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ