Өлкөнүн каржы жана банк тармагы Эркин Асрандиевди Кыргызстандын техникалык премьер-министри кызматына сунуштайт. Бул тууралуу Кыргызстан Банктар Бирлигинин билдирүүсүндө айтылат.
“Өлкөдө курч саясий кризис башталды, аны кынтыксыз кадыр-баркы бар, ири структураларды жана долбоорлорду башкаруу тажрыйбасы бар, эң башкысы, өлкөдө иштеп жаткан саясий партиялардын биринин мүчөсү болбогон адам гана чече алат” – деп айтылат маалыматта.
Алардын пикири боюнча, техникалык премьер-министр биринчи кезекте эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн экономиканын үзгүлтүксүз иштешин, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорттолушун жана импорттолушун, жумуш орундарынын сакталышын жана эмгек акынын төлөнүшүн, бюджеттин кирешелеринин аткарылышын, бардык мамлекеттик органдардын толук кандуу иштешин камсыз кылышы керек.
Банк сектору Эркин Асрандиев бул милдеттерди аткарууга жетиштүү деңгээлде көндүмгө жана эркке ээ деп эсептейт.
КР Банктар Бирлиги Кыргызстан элинин жана Жогорку Кеңештин колдоосуна ишенет.
Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров менен Тилек Токтогазиев өздөрүн өкмөттүн башчылары деп жарыялашкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ