Бүгүн, 8-октябрда чукул жарандык форум болуп өттү. Күн тартибинде коопсуздук, люстрация жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралды.
Иш-чара өткөрүлгөн мейманкананын администрациясы катышуучулардан ишти тезинен бүтүрүп берүүнү суранды, анткени түз эфир башталгандан кийин нааразычылык билдирип чыккан эл чогулган жерди көздөй бет алышты. Бул тууралуу “Интернет саясатынын жарандык институтунун” жетекчиси жана КРнын эмгек сиңирген юристи Татту Мамбеталиева түз эфирде билдирди.
Форум өз алдына Кыргызстандын жарандык секторунун өлкөдөгү тынчтыкты жана биримдикти сактоо боюнча аракеттерин координациялоо милдетин койду. Жумушка белгилүү укук коргоочулар, юристтер жана саясатчылар чогулушту. Жалпысынан 70ке жакын адам болду.
Укук коргоо органдарынын координатору Өмүрбек Суваналиев жана «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова чогулгандардын алдына чыгып сүйлөөгө үлгүрүштү.
Келгендердин катарында “Интерньюстун” Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Элина Каракулова, Биринчи балдар хосписинин негиздөөчүсү Динара Аляева, Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова, теолог Жамал Фронтбек кызы, Өнөктөштүк Тармак Ассоциациясынын башчысы жана саламаттыкты сактоо боюнча адис Айбар Султангазиев, укук коргоочу Рита Карасартова, активисттер Адил Турдукулов жана Умай Арыкова болду. Саясатчы Равшан Жээнбеков менен Артур Медетбеков дагы келишти.
https://www.facebook.com/shamanvideo/videos/1662038323972384
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ