Menu

Өкмөт: Калк алдындагы бардык социалдык милдеттенмелер аткарылат

Бөлүшүү:

Калк алдындагы бардык социалдык милдеттенмелер аткарылат. Бул туурасында КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев актуалдуу маселелердин жыйындысын талкуулоо боюнча мамлекеттик орган жетекчилери менен болгон кеңешменин жүрүшүндө билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда маалымдады.

Мамлекеттик органдардын штаттык режимде иш алып баруусун улантуунун жана кыш мезгилине карата жылытуу мезгилине тийиштүү чараларды ыкчам ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Тармактык мамлекеттик түзүмдөрдүн көңүлү коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алууга, ошондой эле жугуштуу оорунун көбөйүү ыктымалдыгына даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чараларды аткарууга бурулат.

Мындан тышкары мамлекеттик компаниялардын ишин штаттык режимде улантуу зарылдыгы белгиленди.

«Бул оор мезгилде бардык мамлекеттик органдар жарандардын турмушун өз нугунда улантуусун камсыз кылуу үчүн жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча өз ишин күчөтүшү керек», – деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: