Menu

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү облустарда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйүп жатканы, анын кесепетинен адам өлүмү катталып жатканын билдиришти. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймактарындагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы медициналык мекемелердин курулушу, ошондой эле бул саламаттык сактоо уюмдарын жабдуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары медициналык жабдууларды сатып алуу,  дары-дармектин, жеке коргонуучу каражаттардын запасын камсыз кылуу боюнча маселелер каралды.

Тармактык мамлекеттик органдарга зарыл чаралардын комплексин ишке ашыруу боюнча ишти тездетүү милдеттендирилди.

Ошондой эле жер-жерлерде эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө, адам өлүмүнө жол бербөө жана медициналык мекемелердин жалпы даярдыгы боюнча тапшырмалар берилди.

Республикалык штабдын отурумуна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Эркин Асрандиев жана Аида Исмаилова катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: