Menu

Видео – Өмүрбек Текебаев депутаттарды тез арада премьер-министрди бекитүүгө үндөдү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары жоопкерчиликти алышы керек, чогулуп, өлкөнүн премьер-министрин шайлашы керек. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда саясатчы Өмүрбек Текебаев кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда абал оор.

Ал 2005-, 2010-жылдардагы ыңкылаптардан кийин, бир нече сааттын ичинде толук жоопкерчиликти өзүнө алган убактылуу өкмөт түзүлгөнүн, аны бардык саясий күчтөр жана дүйнөлүк коомчулук тааныганын эске салды. Ал эми бул жолу бийликтин жеңилгенине 4 күн болсо да, баары тааныган, баары баш ийген өткөөл мезгилдеги бийликти калыптандыра албай жатышканын билдирди.

“Бул биз үчүн, өзгөчө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, элди көтөрүп чыккан партиялар үчүн кечирилгис ката. Революцияга катышкан партиялар сүйлөшүп, макулдашып, орток пикирге келип, бийлик органы 6-октябрь күнү эле түзүлүшү керек эле. 4 күн өттү. Андай келишимге келе албадык. Тилекке каршы, саясий күчтөр 3кө, 4кө бөлүнүп, ар кимиси өзүн негизгимин деп эсептеп, өкмөт түзүүгө аракеттенип жатат. Талашсыз бир нерсе бар, бардык саясий күчтөр өлкөдө формалдуу болсо да президент жана парламент бар экенин моюнга алышты. Мыйзамдуу бийликти ушул эки институт аркылуу түзүшкө туура келет. Мыйзамга ылайык, парламент кечиктирбестен жалпы элдик ишенимдеги өкмөттү түзүшү керек” – дейт саясатчы.

Текебаев бардык саясий күчтөрдү Жогорку Кеңеште бекитиле турган премьер-министрди таанууга чакырды.

https://www.facebook.com/1705634366362647/videos/2837369203228148

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: