Бүгүн, 10-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы Садыр Жапаровду КР Премьер-министр кызматына бекитти.
Жыйынга парламенттин 51 депутаты жана 10 депутаттын ишеним каты кошулуп, 61 депутат катышты.
Депутаттар Садыр Жапаровдун талапкерлигине, өкмөттүн программасына, структурасына жана курамына бир добуштан “макул” деп добуш беришти.
Садыр Жапаровдун талапкердиги КСДП, “Кыргызстан”, “Бир бол” жана “Республика-Ата-Журт” фракцияларынан турган Жогорку Кеңештин көпчүлүк, башкаруучу коалициясы тарабынан сунушталып, парламенттин Конституциялык түзүлүш комитетинен жактырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ