Menu

Өзбекстанда Covid-борбордогу жарылуудан кеминде бир киши мерт болду

Бөлүшүү:
Өзбекстандын Гүлистан шаарындагы “Алпомиш” спорттук комплексинде кычкылтек баллону жарылып, коронавирустан дарыланып жаткан бир адам каза болгону аныкталды.
Сырдарыя облустук саламаттык сактоо башкармалыгы бул маалыматты ырастады. Окуя 7-октябрда болгон.Бирок өзбек тилдүү социалдык медиа “ондогон адамдар өлгөнү” тууралуу жазууда. Каза болгондордун арасында жасалма өпкө жабдуусу өчүрүлгөн бейтаптар да болушу мүмкүн деп жазгандар бар.
RFE/RL радиосунун өзбек кызматы бул борбордо дарыланган эки адамдын сөөгү туугандарына берилгенин аныктады.
Коронавирус коңшу Өзбекстанда акыркы күндөрү күчөп жатканы айтылууда. 11-октябрда вирус 328 кишиден аныкталды. Жалпы ооругандар 60 миңден ашып, 503 киши каза болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: