Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дардановду жана УКМК төрагасынын биринчи орун басары Талантбек Салиевди кабыл алды

Бөлүшүү:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда,  башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дардановду жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Талантбек Салиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча чаралар  талкууланды.

Нурлан Дарданов Бишкек шаарынын аймагында орун алган массалык тартипсиздик боюнча кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ал прокуратура органдары тарабынан  бул багытта толук кандуу иштер жүрүп жатканын баса белгиледи.

Мындан тышкары, башкы прокурордун биринчи орун басары кечээ, 11-октябрда, Жогорку Кеңештин административдик имаратына кароо жүргүзүлгөнүн жана ал бийлик түзүмдөрүнүн карамагына өткөрүлүп берилгенин билдирди.

УКМК биринчи орун басары Талантбек Салиев улуттук коопсуздук органдары тарабынан түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылган  деструктивдүү топтордун ишине бөгөт коюу боюнча  иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүнү алдын алуу боюнча башка укук коргоо органдары менен кызматташуу уланып жатканын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: