Menu

Исхак Масалиев: Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитүү легитимсиз, президенттин азырынча отставкага кетүүгө укугу жок

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев адвокаттардын Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитүү легитимсиз болгон деген жүйөөлөрүнө макул. Аны өкмөттүн башчысы катары тааныбаш керек. Бул тууралуу ал 24.kg басылмасына билдирди.

Анын айтымында, 10-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун сот аркылуу чечсе болот. Премьер-министрди бекитүү менен кырдаалды мыйзамдуу жолго Жогорку Кеңеш аркылуу гана кайтарууга болот, бирок кворумсуз күмөндүү жыйында эмес, толук кандуу отурумда.

“Эгер эртең Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду өкмөттүн башчылыгына дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койсо, анда бул системанын кыйрашы болот. Чынын айтканда, мен мамлекет башчы жана менин мурунку кесиптештерим менен болуп жаткан нерселерди такыр түшүнбөйм, алардын бардыгы эмнеден же кимден коркушат? Президент кайда?   Сооронбай Жээнбековду кандайдыр бир жерде күч менен кармап тургандай сезим пайда болот. Эмне үчүн ал ишемби күнү Жогорку Кеңештин жыйынына келген жок? Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровдор кайда? Алардын бардыгы кайда? Вице-спикер Аида Касымалиева Чемпион деген каймана аты бар эл өкүлү Урмат Самаев аны коркутуп, а Башкы прокуратура реакция кылбай, иш козгобой жатат дейт. Неге?” – дейт Масалиев.

Анын айтымында, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын башчысы менен анын премьер-министрлиги жөнүндө бир пикирге келе алган эмес, антпесе Сооронбай Жээнбеков эл өкүлдөрүнө анын талапкерлигин жактырууну сунуш кылмак.

“Сооронбай Жээнбеков эч кандай шартта азыр кызматтан кетпеши керек. Биз жөн гана мыйзамдуу чуңкурга түшүп кетебиз », – деди Исхак Масалиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: