Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановду УКМКнын тергөө абагынан, жаш саясатчы Темирлан Султанбековду, мамлекет башчынын мурдагы аппаратынын башчысы Фарид Ниязовду жана УКМКнын Тогузунчу кызматынын экс-кызматкери Канат Сагымбаевди борбордун Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан сотко алып келишти.
Соттун имаратында кармалгандарды колдоо митинги өтүп жатат. Митингчилер камакка алынгандардын бардыгын бошотууну талап кылышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ