Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеваны калп айтып жатат деп айыптады.
Эл өкүлү социалдык тармактарда Аида Касымалиеванын премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги бекитилген парламенттин кезексиз жыйыны учурунда Мусабекова депутаттарды коркутту деген сөзүн четке какты.
Депутат Касымалиева менен жазышкан каттарынын скриншотун жарыялап, “Мен уктап туруп эле ОПГ болуп калыпмын. Эртеңи эмне болоорун эч ким билбейт да” деп жазган.
Мусабекова Касымалиевадан аны коркутуп-үркүткөндөрдүн аты-жөнүн берүүсүн талап кылды.
Эл өкүлү өзүнүн билдирүүсүндө кылмыш дүйнөсүнүн чыныгы адамдары аялга каршы күрөшпөйт деп кошумчалады: “Кумурскадан пил жасабагыла, алар жөн эле шылдыңдашса керек” деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ