Садыр Жапаровду премьер-министр кызмат ордуна бекитүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому президенттин аппаратына келип түштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын пресс-катчысы Толгонай Стамалиева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков үч күндүн ичинде документтке кол коюп же Жогорку Кеңешке кайтарып бериши керек.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы тиешелүү жарлыкка кол койбосо дагы, Садыр Жапаров Конституцияга ылайык легитимдүү премьер-министр болуп калат.
Эске салсак, 10-октябрда кезексиз жыйында Жогорку Кеңеш премьер-министр кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ