Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровго байланыштуу маселени парламенттин кезектеги сессиясында кароону сунуштоодо.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаевге кат жөнөткөн.
Анда премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров сунуш кылган программаны бекитүү, өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери учурдагы мыйзам бузууларды эске алып, президенттик аппарат тарабынан парламентке кайтарылып берилгени айтылат.
Мамлекет башчысы бул маселени Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуштайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ