Menu

Өзбекстан Тажикстандын түндүгүнө газ берүүнү жандандырат

Бөлүшүү:

Өзбекстан узак тыныгуудан кийин Тажикстандын түндүгүнө жаратылыш газын берүүнү жандандырат. «Сомон-Сугд-Газ» ишканасы «көгүлтүр отун» ноябрдан тарта жеткириле баштай турганын билдирди.

Ушул тапта ишкананын адистери газ куурун калыбына келтирүү үчүн ремонт иштерин жүргүзүшүүдө. «Көгүлтүр отун» алгач өндүрүш ишканаларына, андан соң көп кабаттуу жана жеке турак жайларга берилет. Жаңы жылга чейин Хожент менен чектеш үч шаар – Бустон, Гүлистон жана Гафуров шаарлары да өзбек газы менен камсыз болот.

«Сомон-Сугд-Газ» билдиргендей, келишим боюнча Тажикстан өзбек газынын куб метрин 130 доллардан сатып алууда. Бул 2012-жылга караганда 2,5 эсеге арзан.

Өзбекстан Тажикстанга газ жеткирүүнү 2012-жылы токтоткон.

Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин эки өлкөнүн мамилелери кайра оңоло баштаган. Ташкент 2018-жылы «Музрабад-Душанбе» газ кууру аркылуу газ берүүнү жандандырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: