Menu

Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында КР Премьер-министри Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду

Бөлүшүү:

Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында КР Премьер-министри Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Садыр Жапаров буйрукка кол койду, ага ылайык:

– Аманбаев Бактыбек Абдилашимович (1969-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министри милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

– Ниязбеков Уланбек Омоканович (1975-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

– Абдылдаев Сагынбек Токонович (1969-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды  (финансы полициясы);

– Эгембердиев Аскат Раимжанович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды;

– Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

– Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: