Кечээ, 13-октябрда кечинде Өмүрбек Бабанов “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу “Республика” партиясынын штабындагы булактар журналисттерге билдиришти.
Ошондой эле 13-октябрда Президент Сооронбай Жээнбеков “Республика” партиясынын лидерлери – Өмүрбек Бабанов, Мирлан Жээнчороев жана Руслан Казакбаев менен жолугушту.
Эки жолугушууда тең коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу маселеси талкууланды. Тараптар саясий кризистен чыгуунун жолдорун биргелешип издөө керек деген бүтүмгө келишти. Башка маалыматтар белгисиз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ