Menu

Бишкек шаарынын казысынын орун басары БУУнун «Ыраазычылык баракчасы» менен сыйланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрь күнү Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн жана «Эл аралык тоолеранттуулук үчүн» фондунун атайын  «Ыраазычылык баракчасы» менен сыйланды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ыраазычылык баракчада: «Коомчулук туруктуу тынчтык үчүн» долбоорун ишке ашырууда, анын алкагында болуп өткөн иш-чараларды өткөрүүдө активдүү катышып, тынчтыкты сактоо үчүн кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет» деп баса белгиленген.

Бишкек шаардык мусулмандар казыяты Эрназар ажынын мындан ары да иштерине ийгилик каалап, ар дайым элдин кызматында боло беришине тилектештигин билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: