Menu

Республикалык штаб: Баткен жана Жалал-Абад облустарына медициналык кызматкерлер жөнөтүлөт

Бөлүшүү:

Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер жөнөтүлөт. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин көңүлүн Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы көрүлүп жаткан чараларды күчтөндүрүүгө бурду.

«Аталган эки аймактагы эпидемиологиялык кырдаал кооптондурууда. Аталган облустарда ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурлары жана оорусу күчөгөндөрдүн саны төмөндөбөй жатат. Абалды жкшыртуу максатында облустарга тажрыйбалуу медициналык кызматкерлерди жөнөтүү зарыл. Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар республика аймактарын бардык зарыл медициналык дары-дармектер менен камсыздоого басым жасоосу тийиш. Күз мезгилине карата өлкөдө медикаменттердин тийиштүү запасы болушу керек. Сиздердин алдыңыздарда ошондой эле калкты сапаттуу жана ыкчам эмдөө боюнча кампанияны жүргүзүү маселеси турат», – деди Өкмөт башчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: