Бүгүн, 14-октябрда Президент Сооронбай Жээнбековду колдоп, эл “Ысык-Көл” мейманканасына чогулушту.
Митингчилер Жээнбеков президенттиктен кетпеши керек деп эсептешет.
Митингчилердин бири Садыр Жапаров дагы президентти колдошу керек деди.
Дагы бирөөсүнүн айтымында, бул жерге өлкөнүн ар кайсы аймактарынан адамдар келишти.
Белгилей кетсек, бүгүн, 14-октябрда Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушкан. Азыркы убакта ал жакта 1000ден ашуун адам топтолуп турат. Митингчилер Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келишкен. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин жана Канат Исаевдин төрага болуп дайындалганын жокко чыгарууну талап кылышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ