Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кызматтан кетти. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Урматтуу кесиптештер! Бүгүн Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси кызматынан кетүүнү чечтим. Сиздер менен беш жылга жакын ачык-айрым, тыгыз байланышта иштедик. Баарыңыздарга ыраазылык билдирем” – деп жазган Ибраим Нуракун уулу.
https://www.facebook.com/ibraim.nurakunuulu/posts/10158006365148264
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ