Menu

Премьер-министр Садыр Жапаровдон Текебаев, Бабанов, Сариев, Жапыкеевдер кайсы кызматтарды сурап алышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 13-октябрда КР Премьер-министрлик кызматына бир жумада үчүнчү жолу талапкер болуп бара жаткан Садыр Жапаровго жолуккан “Республика” партиясынын кожоюну Өмүрбек Бабанов мындан ары анын партиясы Жапаровду колдоп, кызматташарын убада кылып, акысына кан досу Руслан Казакбаевге Тышыкы иштер министри кызматын сурап алган. Бул тууралу биздин өздүк булактар билдирди.

Ал эми “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев өз кызматташуусунун акысына кан досу Алымкадыр Бейшеналиевге Саламаттыкты сактоо министри кызматын сураган.

“Чоң казат” партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев кан досу Максат Мамыткановго КР өкмөтүнүн вице-премьери кызматын олжолоп алган. Бүгүн өкмөт үйүнүн алдындагы Жапаровдун тарапкерлеринин митингинде Сыймык Жапыкеев жалындуу сөздөрдү сүйлөп турду.

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кылмыш ишинен сот тарабынан толук акталуусун жана саясатка кайтып келүү шарты менен Садыр Жапаровду колдоого макул болушкан. Бүгүн парламенттин жыйынына “Ата-Мекен” партиясы дээрлик толугу менен жана Жапаровду активдүү колдоо менен катышышты. Алтургай Текебаев Жапаровду колдогон билдирүү таратты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: