Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан Өкмөт үйүнүн жанына чогулуп жатышат.
Алар кичи автобустар жана жеңил унаалар менен келишүүдө.
Эскерте кетсек, кечээ, 14-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин кайра карап чыгышкан. Парламент өкмөттүн курамын жана программасын бекитти.
Пресс-конференцияда жаңы шайланган министрлер кабинетинин башчысы президенттин отставкасы боюнча маселени чечем деди. Ошол эле күнү кечинде аянтта тарапташтары менен сүйлөшүп жатып, Садыр Жапаров мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүгө азырынча бара электигин айтты. Сүйлөшүүлөр бүгүн дагы улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ